ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Кароосуздар” рейдинин жыйынтыгында шаардын базарларынан 166 өспүрүм кармалган

Шаарда өткөрүлгөн “Кароосуздар” рейдинин жыйынтыгында шаардын Ош, Аламүдүн, Орто-Сай базарларынан, компьютердик клубдардан, жер алдындагы өтмөлөрдөн 166 өспүрүм кармалган.


Алардын ичинен 92 өспүрүм Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин алдындагы өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу борборуна жиберилди, ал жерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, ал эми 2 өспүрүм адистештирилген балдар мекемелерине орноштурулду, 72 бала профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлгөндөн кийин ата-энелерине тапшырылды.

Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Замирбек Абылаевдин билдирүүсү боюнча, учурда кармалган өспүрүмдөрдүн үй-бүлөлөрүндө социалдык шарттарды изилдөө, алар менен жекече иш алып баруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Бишкек шаарында “Кароосуздар” рейди 2014-жылдын 21-январынан 23-январына чейин өткөрүлгөндүгүн эске сала кетебиз.