ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын СЭИ кызматы кезектеги рейддин жүрүшүндө санитардык талаптардын бузулушун аныктады

Кезектеги санитардык рейддин жүрүшүндө СЭИ кызматы Курманжан Датка жана Куликов көчөлөрүнүн кесилишине жакын жайгашкан нан сатуучу дүкөндүн жана Көлбаев көчөсү, 30 дарегинде жайгашкан “Тимур” соода павильонунун айланасында санитардык талаптарды жана шаарды көрктөндүрүү эрежелерин  бузуу фактыларын аныктады.

Рейддин жүрүшүндө аталган объекттердин аймагы антисанитардык абалда кармалып, сугаруу тармактары тазаланбай, таштандылар баш аламандыкта жыйылат.



Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында аталган мекемелердин жетекчилигинин атына КР “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 488, 489-беренелерине ылайык протоколдор түзүлүп, чара колдонуу максатында Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.