ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаардык дене-тарбия жана спорт комитети “Баардыгыңар лыжа тебүүгө” деген ураан алдында кышкы спорт майрамын өткөрөт

Бишкек шаардык дене-тарбия жана спорт комитети, үстүбүздөгү жылдын 7-февралында Стрельниково айылында жайгашкан спорт базасында, Сочи шаарындагы Олимпиадалык оюндарга арналган “Баардыгыңар лыжа тебүүгө” деген ураан алдында кышкы спорт майрамын өткөрөт.

Спорттук иш-чараларга Бишкек шаарынын балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, социалдык мекемелеринин балдары катышат. Программага чана, лыжа тебүү жана ар кандай көңүлдүү оюндар киргизилген.



Шаардык дене-тарбия жана спорт комитети кышкы спорт майрамын экинчи ирээт өткөрүп жаткандыгын эске сала кетмекчибиз.

Спорттук иш-чаралар спортту, сергек жашоону пропагандалоо жана шаар тургундарынын активдүү эс алуусун уюштуруу максатында өткөрүлүүдө.

Катышуучулар 7-февраль күнү саат 8-00до шаардын райондук администрацияларынын алдында чогулуп, саат 9-00до спорт майрамына сапар алышат.