ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

22 январда Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Мурат Исмаилов Үрумчү шаарынын делегациясы менен жолугушту

Курамы 9 кишиден турган кытай делегациясы Бишкекке Тажикстандан келди. Делегацияны Үрумчү шаарынын вице-мэри Тань Ченгуй мырза жетектейт.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мал чарбачылыгы тармагында кызматташуу маселелерин талкуулашты. Кытай делегациясын Бишкек шаарынан Үрүмчү шаарына кой жана уй эт азыктарын жиберип туруу маселеси кызыктырды.

“Кыргызстандын эт азыктарынын сапаты Үрүмчү шаарында жогору бааланат. Шаардын калкынын теңинен көбү мусулман калкы болгондуктан сапаттуу, таза эт азыктарын алып туруу биз үчүн маанилүү”- дейт Тань Ченгуй мырза.


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Бишкектен Үрүмчүгө эт азыктарын камсыздап туруу мүмкүнчүлүгүн  дагы терең изилдөө чечимин кабыл алышты.