ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын “Тазалык” муниципалдык ишканасы шаар жолдорун жана тротуарларды тазалоо иштерин жүргүзүүдө

Шаар жолдорун, көчөлөрдү тазалоого 329 тонна кум жана 29 тонна туз жумшалды. Тазалоо иштерине 20 кум чачкыч, 4 жүктөөчү техника, 2 трактор жана 14 автоунаа чегерилди. Бул жөнүндө “Тазалык” муниципалдык ишканасынын башчысынын орун басары Павел Клименко билдирди.

Жолдорду тазалоо иштери таңкы саат 4-00до башталды. Борбордук аянтты жана тротуарларды тазалоого кичи тракторлордун 5 бирдиги чегерилди. 513 жумушчу өздөрүнө бекитилген тилкелерде иштешүүдө.



Ленин району боюнча – 116, Свердлов району боюнча – 124, Октябрь району боюнча – 97, Биринчи май району боюнча – 176 жумушчу ишке чыкты.