ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаанын Биринчи май райондук администрациясы үй-жайсыз адамдар үчүн “Жүрөктөн жүрөккө” аттуу акция өткөрүүнү белгилөөдө

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрациясы үстүбүздөгү жылдын февраль айында “Коломто” муниципалдык мекемесинин базасында үй-жайсыз адамдарга социалдык колдоо көрсөтүү максатында  “Жүрөктөн жүрөккө” аттуу акция өткөрүүнү белгилөөдө.

Биринчи май райондук администрациясы аталган иш-чарага кайдыгер эмес баардык атуулдарды катышууга чакырат. Көрсөтүлгөн жардамдардын баардык түрлөрү ыраазычылык менен кабыл алынат.



Жарандар тарабынан көрсөтүлгөн жардамдар төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспекти, Биринчи май райондук №413 – “Коломто” муниципалдык мекемеси, телефондор: 67 06 52, (0555) 04 67 06, 62 11 56.

Кошумча маалымат:

Баш калаанын Биринчи май районунда 1998-жылдан бери үй-жайсыз адамдар үчүн жыл бою иштөөчү “Коломто” баш калкалоо мекемеси иштейт.

“Коломто” муниципалдык мекемеси өз алдынча кайрылган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу, ишки иштер органдары, социалдык коргоо мекемелери, тез жардам кызматы тарабынан жиберилген адамдарды кабыл алып, убактылуу башпаанек берип келет.

Мекемеге жайгаштырылган адамдарга ысык тамак берилип, мончо, чач-тарач кызматтары уюштурулат, медициналык кароолор өткөрүлөт жана кийим-кечектер берилет. Андан тышкары башка социалдык мекемелерге орноштуруу, тиешелүү документтер менен камсыз кылуу иш-чаралары уюштурулат.