ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаар жолдоруна 6 500 жол белгилери орнотулган

“Шаар жолдоруна 6 500 жол белгилери орнотулган, алардын 4 500 алмаштырууну, калыбына келтирүүнү, жарык чагылдыруу элементтерин жаңыртууну талап кылат. Жол белгилерин пайдалануу мөөнөтү 3 жылды гана түзөт”- деп билдирди КР ИИМнин ЖККББнын башчысы Сергей Дьяченко.

Баш калаадагы жолдордун узундугу 1392 км түзсө, алардын 380 км гана талапка ылайык жол белгилери түшүрүлгөн. Сыр менен тартылган жол белгилеринин кызмат өтөө мөөнөтү 3 айдан 6 айга чейин. Жол белгилерин түшүрүүдө термопластты пайдалануу жол белгилеринин кызмат өтөө мөөнөтүн узартат. Бирок бул материалды пайдалануу кадимки сырды пайдалануудан 3 эсе кымбатка турат.



Өткөн жылы шаардык бюджеттин эсебинен 133 жол белгиси орнотулуп, 23 970 чарчы метрге жол белгилери түшүрүлгөн.

Мындан тышкары, реконструкциядан өткөрүлгөн жол тилкелеринде 1009 жол белгилери даярдалган.

2013-жылдын ноябрь-декабрь айларында Бишкек шаарында жол коопсуздугун сактоо долбоорунун алкагында Япония Өкмөтү бөлгөн гранттык каражаттардын эсебинен 2 576 463 сомго 782 жол белгиси даярдалган. Шаардын борбордук көчөлөрүнө, билим берүү, саламаттык сактоо мекемелери, балдар борборлору жайгашкан көчөлөргө “Көңүл бургула балдар”, “Жол кесилишин өтүү”, “Ылдамдыкты чектөө” сыяктуу жол белгилери орнотулган.