Баш калаада 206 светофор объектти иштейт
- Подробности
- Опубликовано 21.01.2014 11:04
Бишкек шаарында 206 светофор объектти иштейт. Алардын 61и заманбап, энергия үнөмдөөчү элементтер менен жабдылган, ал эми 28ине убакытты артка саноочу таблолор орнотулган, калган светофорлор 70-80-жылдары орнотулган.
Светофор объекттеринин жабдуулары, кабель чубалгылары техникалык ченемдерге ылайык эскирген жана пайдалануу мөөнөтү аяктаган. Бул жөнүндө Бишкек шаарынын мэриясынын кезектеги кеңешмесинде Кыргыз Республикасынын ИИМ ЖККББнын башчысы Сергей Дьяченко билдирди.
Шаар жолдорунда транспорттун жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун, жол кыймылын тартипке келтирүүнү камсыз кылуу максатында, жол кесилиштериндеги тыгындарды азайтуу үчүн дагы 37ге жакын светофор объекттерин орнотуу зарыл.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
09.12.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |