ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаанын Биринчи май райондук администрациясы шаар тургундарынын электрондук кайрылууларын кабыл алууда

Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кабыл алуу тартиби жөнүндө” мыйзамына ылайык Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрациясы шаар тургундарынын электрондук кайрылууларын кабыл ала баштады.

Бишкек шаарынын тургундары өз кайрылууларын  Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. электрондук дарегине жиберишсе болот. Кайрылуунун ээси кайрылуу даректелген мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышын, жоопкерчиликтүү кызматкердин атын, фамилиясын жана өзүнүн атын, фамилиясын, байланыш телефондорун, жашаган дарегин, кайрылуунун мазмунун  көрсөтүүгө милдеттүү.
 
Кайрылуу кабыл алынгандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде жоопкерчиликтүү кызматкер кайрылуу ээсине кайрылуу кабыл алынгандыгы, кандай чаралар көрүлөрү  жөнүндө маалымдайт. Андан ары кайрылуу менен тиешелүү кызматтар мыйзам жолунда иш алып барышат.
 
Жоопкерчиликтүү кызматкер электрондук жол менен, телефон аркылуу  тактоолорду жүргүзүү укугуна ээ.
 
Биринчи май райондук администрациясы электрондук жооптон тышкары кайрылуу ээсине кат жүзүндө да жооп бере алат.