ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаанын Ленин районунда үй-жайсыз калган аялдарды кабыл алуучу кайрымдуулук борбору иштөөдө

Бүгүнкү күнү аталган кайрымдуулук борборуна 54 адам кабыл алынган. Алардын 27 балдар. Негизинен кайрымдуулук борборуна турмуштук оор кырдаалга дуушар болгон аялдар кабыл алынууда.

Кайрымдуулук борбору жай мезгилинде кабыл алуулардын санын кыскартат, анткени адамдарды жыл бою кармап турууга материалдык ресурстар жол бербейт.
 
Борборго республиканын баардык региондорунан аялдар кайрылышат. Борбордун иштөөсү үчүн тиешелүү шарттарды камсыз кылуу максатында  демөөрчүлөрдүн жардамына кайрылып туруу зарылчылыгы такай келип чыгып турат.
 
Тактама ирээтинде: Борбор 1998-жылдын 8-сентябрында Ленин районундагы колдоого муктаж адамдарга социалдык жардамдарды көрсөтүп туруу максатында ачылган. Алардын ичинде ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген, жалгыз бой, көп балалуу аялдар бар.
 
Борбор ачылгандан бери Британиялык кеңеш, Балдарды коргоо уюму, Кызыл крест жана Кызыл жарым ай эл аралык федерациясы, эл аралык кайрымдуулук корпусу өнөк болуп келишүүдө.
 
Кайрымдуулук борбору ысык тамак берүү, чач-тарач, мончо кызматтарын көрсөтүү, дарылоо массажын жасоо сыяктуу кызматтарды көрсөтүп келет.