ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз IX сессиясы өз ишин баштады

Сессиянын күн тартибинде бир маселе каралууда – Бишкек шаарынын мэрин шайлоолор.

Сессиянын ишине шаардык кеңештин 45 депутатынын 40 депутаты катышууда.



Ошондой эле сессиянын ишинде Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Мурат Исмаилов жана Бишкек шаарынын аймактык комиссияларынын мүчөлөрү катышууда. Сессиянын ишин алып баруу үчүн депутаттардын арасынан эсептөө комиссиясы, секретариат шайланды.

Шайлоого депутаттардын экиден үч бөлүгү же 30 депутат катышса шайлоолор өткөрүлдү деп эсептелет. Мэрдин кызмат ордуна талапкер 23 добуш алса шайланды деп табылат.

Бишкек шаардык кеңешинде баардыгы 45 депутат бар: 21 мандат КСДПга, 11 мандат Республикага, 7 мандат Ата-Мекен жана 6 мандат Замандаш фракциясына таандык.