ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Өткөн жылдын декабрь айына карата баш калаадагы мектепке чейинки билим берүү жана адистештирилген мектепке чейинки билим берүү мекемелерине балдардын кабыл алынышы боюнча маалымат

Бишкек шаарында балдарга мектепке чейинки билим берүү 79 мекемеде ишке ашырылат, алардын 11 өсүүдө өзгөчөлүктөрү бар балдар үчүн адистештирилген.

“Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды тарбиялоо” боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине балдарды кабыл алуу тайпалардын толук  жана санитардык-гигиеналык ченемдердин сакталышы менен жүргүзүлөт.



-         I кенже тайпа (2 жаштан 3 жашка чейин) – 25 балага чейин;

-         II кенже тайпа (3 жаштан 4 жашка чейин) – 30 балага чейин;

-         ортончу тайпа ( 4 жаштан 5 жашка чейин) – 30 балага чейин;

-         жогорку тайпа (5 жаштан 6 жашка чейин) – 30 балага чейин;

-         даярдоо тайпасы (6 жаштан 7 жашка чейин) – 30 балага чейин

Бишкек шаарынын мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги тарбиялануучулардын тизме боюнча саны 27 006 баланы түздү.

Ал эми каттоого ылайык күнүгө келип кетип турган балдардын саны 21 440 баланы түзөт.

Октябрь районунда  25 мектепке чейинки билим берүү мекемелери иш алып барат, долбоордук кубаттуулугу 5020 орунга эсептелген. Кабыл алынган балдардын саны – 11093, күнүгө келип турган балдардын саны – 8895. Мекемеге орношуу үчүн кезекте турган балдардын саны – 711.

Ленин районунда 17 мектепке чейинки билим берүү мекемелери иш алып барат, долбоордук кубаттуулугу 2240 орунга эсептелген. Кабыл алынган балдардын саны – 6416, күнүгө келип турган балдардын саны – 5504. Мекемеге орношуу үчүн кезекте турган балдардын саны – 898.

Биринчи май районунда 13 мектепке чейинки билим берүү мекемелери иш алып барат, долбоордук кубаттуулугу 1665 орунга эсептелген. Кабыл алынган балдардын саны – 3694, күнүгө келип турган балдардын саны – 3205. Мекемеге орношуу үчүн кезекте турган балдардын саны – 523.

Свердлов районунда 14 мектепке чейинки билим берүү мекемелери иш алып барат, долбоордук кубаттуулугу 2980 орунга эсептелген. Кабыл алынган балдардын саны – 7012, күнүгө келип турган балдардын саны – 4643. Мекемеге орношуу үчүн кезекте турган балдардын саны – 369.

Бишкек шаарында 11 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү мекемелери иштейт, алардын долбоордук кубаттуулугу 905 орунга эсептелген. Кабыл алынган балдардын саны – 1372, күнүгө келип турган балдардын саны – 1245.