ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардын Ош базарынын айланасында баш аламандыкта соода кылууну токтотуу боюнча рейд өткөрүлдү

Жаңы жылдын башталышы менен баш калаанын Ленин райондук администрациясы укук коргоо органдары менен биргеликте Ош базарынын айланасында баш аламандыкта соода кылууну токтотуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө.

Базарга тиешелүү жерлерде милициянын жана райондук администрациянын жооптуу кызматкерлери көзөмөл жүргүзүшүп турушат.



Жакында эле Ош базары боюнча атайын рейд жүргүзүлдү. Рейддин жүрүшүндө уруксатсыз, баш аламандыкта соода кылуу жана санитардык ченемдердин талаптарын сактабастан тамак-аш даярдоо фактылары катталды.

Ленин райондук администрация башчысы Ош базарында иштешкен ишкерлер менен жолугушту жана базарда тазалыкты сактоо, баш аламандыкта соода кылууга жол бербөө, таштандыларды чыгаруу эрежелерин сактоо маселелери талкууланды.