ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаанын Жылуулук электр борборунда 11 котлоагрегат жана 6 турбоагрегаттар иштөөдө

Баш калаада кышкы жылытуу мезгилин ийгиликтүү өткөрүү үчүн тиешелүү кызматтар тарабынан баардык чаралар көрүлүүдө. Бул маселе Бишкек шаарынын мэриясынын кезектеги кеңешмесинде каралды.

Шаардын Жылуулук электр борбору үзгүлтүксүз иштөөдө жана 11 котлоагрегат жана  6 турбоагрегаттар кызмат өтөп жатат.



 Жылуулук электр борборунан борборлоштурулган жылуулук системасына жылуулук белгиленген режимде берилүүдө.  Айрым учурлардагы электр энергиясын авариялык өчүрүүлөрдүн убактысы 452 саатты түздү (2013-жылдын 25-октябрынан бери).

“Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын буу казандары туруктуу иштешүүдө.