ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын 4356 үй-бүлөсүнө жеңилдетилген түрдө таш көмүр берилди

Шаардын 4 356 үй-бүлөсүнө жеңилдетилген түрдө  1,5 тонна өлчөмүндө таш көмүр берилди. Шаардын колдоого муктаж үй-бүлөлөрү үчүн Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 6,74 миң тонна таш көмүр даярдалган.

Ал эми шаардыктарга таш көмүр сатуу үчүн 5 отун базасы жана 35 түйүн иштөөдө.



1 тонна таш көмүрдүн баасы 3 100 сомдон 3 400 сомго чейин болууда. Учурда “Шабыркүл”, “Майкуба” жана “Кара-Жыгач” маркасындагы таш көмүр сатылууда.