ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

9-январда Бишкек шаарынын айрым райондоруна таза суу берүү убактылуу токтотулат

“Кайнар” ЖАК тарабынан Тоголок Молдо көчөсүндө кайрадан курулган  Д-400 мм. суу берүү түтүктөрүн ишке киргизүү боюнча курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу 2014-жылдын 9-январында саат 9-00дон 21-00го чейин шаардын айрым райондоруна таза суу берүү убактылуу токтотулат.

Жүргүзүлүп жаткан иштерге байланыштуу  Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Саадаев көчөлөрү менен чектелген аймакка, “Красный строитель”, “Көлмө”, “Ак Тилек”, “Алтын-Бешик”, “Саламалик” конуштарына, Сафонов “Химиялык заводуна”, автобекеттердин жана автостанциялардын Чүй бирикмесине, №18, 35-орто мектептерге, №12-балдар бакчасына, Аскер колледжине, УИАнын биотехнология институтуна, “Электр күчтөр” кооперативине, “Хисар” ЖЧК, “Бишкектурбазасы” туристтик комплексине, шаардык кургак учукка каршы ооруканасына, Биринчи май райондук аскер комиссариатына, “Бишкекжылуулукэнерго” буу казанына, “Бишкексууканал” ишканасынын автобазасына таза суу берүү убактылуу токтогтулат.



“Бишкексууканал” ишканасы  шаар тургундарынан жана мекеме-уюмдардан келтирилген оңтойсуздуктар үчүн кечирим сурайт жана таза суунун керектүү көлөмүн алдын ала камдап алууну эскертет.