ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада салтка айланып калган Аяз аталардын жана Аяз кыздардын салтанаттуу жүрүшү өткөрүлдү

Бүгүн, 31-декабрда  баш калаада салтка айланып калган Аяз аталардын жана Аяз кыздардын салтанаттуу жүрүшү өткөрүлдү.

Жүрүшкө чыккан топту шаарбыздын башкы Аяз Атасы менен Аяз кызы Бишкек шаарынын мэриясынын оркестринин коштоосунда башташты.



Аяз Аталар менен Аяз кыздар, жаңы жылдык жомоктордун каармандары, Санта – Клаустун киймин кийген музыкантар, барабанчылар Ала-Тоо кинотеатрынан баштап борбордук аянт аркылуу Бишкек шаарынын мэриясынын имаратынын алдына келишти. Аларды Бишкек шаарынын вице-мэри Айгуль Усубакунова тосуп алды.

Айгуль Усубакунова майрамдык жүрүштүн катышуучуларын Жаңы 2014-жылы менен куттуктап, ден-соолук, бакыт-таалай, жакшылыктарды жана ийгилитктерди каалоо менен Аяз Аталар, Аяз кыздарга жаңы жылдык белектерди тапшырды.

Ошону менен бирге Айгуль Ильясовна жаңы жылдык иш-чаранын каармандарына шаарыбыздын тургундарына, конокторуна кубанычтуу, шаңдуу маанай тартуулашын каалады.

Андан соң, жаңы жылдык топ Чүй проспекти аркылуу борбордук аянттагы өлкөбүздүн башкы балатысын карай жол тартышты. Борбордук аянтта майрамдык оюн-зооктор, концерт жана башка жаңы жылдык иш-чаралар башталды.

Салттагыдай 2013-жылдын соңку күнү саат 24-00до фейерверктерди атуу менен аяктайт.