ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Өткөн дем алыш күндөрү баш калаанын “Жал” кичирайонунда жана Ибраимов көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишине жакын аянтта жаңы жылдык жарманке өткөрүлдү

Баш калаада 28-29-декабрда “Жал” кичирайонунун Тыналиев жана Миңжылкиев көчөлөрүнүн кесилишинде  жана  Ибраимов көчөсү менен  Жибек Жолу проспектисинин кесилишине жакын аянтта жаңы жылдык жарманке өткөрүлдү.

Жарманкеге 80ден ашуун Чүй облусунан жана башка аймактардан атамекендик айыл-чарба товарларын өндүрүүчүлөр катышты.



Жарманкеге күнүмдүк керектелүүчү товарлар: тамак-аш азыктары, эт, балык, колбаса азыктары, кондитердик товарлар, жаңы жылдык оюнчуктар коюлду. Пиоротехникалык товарларды сатууга атайын лицензия жана сертификаттары текшерүүдөн өткөрүлгөндөн кийин уруксат берилди.

Жарманкеде товарлардын баасы көзөмөлгө алынып, көзөмөлдөө үчүн кошумча таразалар коюлду.