ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада Бишкек шаарынын мэринин балаты майрамы өткөрүлдү

Бүгүн, 27-декабрда А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында балдар үчүн  Бишкек шаарынын мэринин балаты майрамы өткөрүлдү.

Жаңы жылдык балаты майрамына Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Мурат Исмаилов катышты.


Өзүнүн куттуктоо сөзүндө: “Баарыбыз күткөн жаңы жылдын алдында Сиздерди 2014- жаңы жылыңыздар менен чын ниетимден куттуктайм!

Жаңы жыл – өзгөчө шаңдуу жана кубанычтуу майрам. Аны чоңдор да, балдар да чыдамсыздык менен күтүшөт, анткени жаңы жыл майрамы жакшы максаттардын, тилектердин майрамы. Учурда өлкөбүздүн ар бир үйүндө, булуң-бурчтарында жаңы жылдык балатылар жаркырап күйүп турат. Ошол жаркыраган жарык менен бирге жаңы жылда ар бир үй-бүлөгө бакыт-таалай, ынтымак жана ийгиликтер кошо келишин каалайм!”,- деди М.Исмаилов.

Жаңы жылдык иш-чарага колдоого муктаж, көп балалуу  үй-бүлөлөрдөн, окуунун алдыңкыларынан, олимпиада жана конкурстардын жеңүүчүлөрүнөн 1500 бала катышты.

Балдарга “Шаттык” ыр-бий ансамбли, “Сейтек” балдардын чыгармачылык борбору, “Байчечекей” этнографиялык ансамбли, “Ак Шоола” хору даярдаган кеңири программадагы концерт тартууланды.

Жаңы жылдык оюн-зооктун аягында балдарга белектер таркатылды.