ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы, чет өлкөдөн кайтып келген согуш ардагерин шаардык карылар үйүнө орноштурууга жардам берди

Улуу Ата-Мекендик Согуштун ардагери Книжников Михаил Архипович  кызы менен Кыргызстандан көчүп кеткен.

Бир нече мезгилден кийин, согуш ардагери мурда 57 жыл жашаган кыргыз жергесине кайтып келди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан билдиришти.

Үстүбүздөгү жылдын 3-декабрында баш калаанын Свердлов райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы Михаил Книжниковго “Ардагер” пансионунда жашоого жолдомо берген. Пансиондо улгайган адамдарды үч маал ысык тамак менен камсыздап, жашоо үчүн тиешелүү шарттар түзүлгөн.

23-декабрда согуш ардагери Михаил Книжников, аны Бишкек шаардык карылар үйүнө жайгаштыруу жөнүндө арыз менен кайрылган. 26-декабрда ардагердин өтүнүчү канааттандырылып, Бишкек карылар үйүнө жайгаштырылды.

Учурда Бишкек карылар үйүндө 200дөн ашык улгайган адамдар жашашат. Мекеме жергиликтүү бюджет аркылуу каржыланып, жыл сайын 15 млн. сом өлчөмүндөгү каражат бөлүнүп турарын эске сала кетмекчибиз.