ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада реконструкциялоодон кийин “Ботаникалык бак” жылуулук казаны ачылды

Бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаарынын вице-мэри жана шаардык Кеңештин депутаттарынын катышуусунда реконструкциялоодон кийин “Ботаникалык бак”  жылуулук  казаны ачылды.

Аталган жылуулук казаны мындан 25 жыл мурда пайдаланууга берилген. Жылуулук казанын реконструкциялап, мазуттан жаратылыш газына өткөрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 10 млн. сом бөлүнгөн, анын 5 млн. сому “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын жеке каражаты болуп эсептелет. Реконструкциялоо иштеринин алкагында италиялык өндүрүштөгү газмазуттук агрегаттардын 2 бирдиги орнотулду. Алардын жалпы кубаттуулугу саатына 7,8 гигаколорийди түзөт.



Адистердин билдирүүсүнө караганда, жылуулук энергиясын иштеп чыгуудагы үнөмдөөлөр 3,8 млн сомду түзөт, ал эми отунга сарпталчы каражаттар 3,3 млн. сомго кыскарат.

Жылуулук казанынын пайдалануучуларынын катарына 1575 батир, 2 жатакана, №17-ҮМБ, №61-мектеп-лицейи, Биринчи май райондук ИИБ жана дагы башка 25 пайдалануучулар кирет.