ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

26-декабрда балдар үчүн Ч.Айтматов атындагы орус драма театрында жаңы жылдык кайрымдуулук балаты майрамы өткөрүлөт

Жаңы жылдык кайрымдуулук балаты майрамы колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн 26-декабрда саат 13-00до Ч.Айтматов атындагы орус драма театрында өткөрүлөт. Иш-чараны Биринчи май райондук администрациясы уюштурууда.

Жаңы жылдык балаты майрамы оюн-зооктор менен коштолуп, балдарга белектер тапшырылат.



Жалпы район боюнча жаңы жылдык иш-чараларга 1226 бала катышып, белектерди алышат.

Жаңы жылдык иш-чараларды өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен 439,4 миң сом өлчөмүндөгү каражат бөлүнгөн.