ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада 26-27-декабрда балдар үчүн “Хоттабыч абышканын жана анын досторунун жаңы жылдык жоруктары” аттуу кайрымдуулук спектакли коюлат

Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият жана туризм башкармалыгынын №6-балдар искусство мектебинин “Жаш канат” ансамбли  “Хоттабыч абышканын жана анын досторунун жаңы жылдык жоруктары” аттуу кайрымдуулук спектаклин даярдады. Спетакль балетмейстер, режиссер Канат Фаткулиндин жетекчилиги менен даярдалды.

Спектакль 26-27-декабрда саат 13-00до мурдагы Ленин заводунун маданият үйүндө коюлат (Чуйков көчөсү, 138).



Иш-чарага шаар мектептеринин окуучулары, колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары, ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдар чакырылды (Краснореченка көмөкчү мектеп-интернатынан, Военно-Антоновка балдар үйүнөн, “Үмүт-Надежда” калыптандыруу борборунан ж.б.).

 
Ошондой эле иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият жана туризм башкармалыгынын, музыкалык мектептердин өкүлдөрү жана башка коноктор катышмакчы.