ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Жаңы жыл майрамына карата шаарда айыл-чарба товарларынын жарманкеси өткөрүлөт

Жаңы жыл майрамына карата 28-29-декабрда шаардын Жумабек көчөсүнүн жана Жибек Жолу проспектинин кесилишине жакын жерде айыл-чарба товарларынын жарманкеси өткөрүлөт.

Жарманкеге: тамак аш азыктарынын кеңири түрлөрү, эт, балык, колбаса азыктары, кондитердик товарлар жана жаңы жылдык оюнчуктар коюлат. Баардык товарлар жергиликтүү өндүрүштөн өндүрүлгөн.

Ал эми тастыктоо күбөлүктөрү бар пиротехникалык товарлар атайын уруксат менен гана сатылат.

Сатылуучу товарлардын баасы өзгөчө көзөмөлгө алынып, текшерүүчү таразалар орнотулат.

Жарманкеге өз товарлары менен Чүй облусунун ишкерлери жана дыйкандары катышат. Шаардын Свердлов районунун чыгармачыл жамааттары жаңы жылдык программасын тартуулашат.