ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттары көп батирлүү турак үйлөрдү башкаруу жолдору жөнүндө маалымат жыйынында айтып беришти

Маалымат жыйынына Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттары Н.Щербакова, Н.Айсаев Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттигинин бөлүм башчысы Л.Кучкачева жана Турак жай тиричилик чарбасынын өкүлдөрү Д.Акиев, У.Жакыпбеков катышты.

Маалымат жыйынынын катышуучулары көп батирлүү турак үйлөрдө башкаруунун жолдорун аныктап ала элек тургундарга, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлунда кабыл алынган Турак жай кодексине ылайык  жалпы мүлктү башкаруунун жолдорун тандап алуу жөнүндө маалымат беришти.

Турак жай кодексинин 31-беренесине ылайык көп батирлүү турак үйлөрдө жалпы мүлктү башкаруу беш жол менен ишке ашырылат:

1.     Көп батирлүү турак үй төрт батирден ашык эмес батирлерден турса, турак жай ээлери тарабынан;

2.     Келишимдин негизинде башкаруу уюму (юридикалык жак) же башкаруучу (жеке ишкер статусуна ээ болгон жеке жак) тарабынан;

3.     Турак жай ээлеринин шериктештиги тарабынан;

4.     Аталган кодекс тарабынан бекитилген адистештирилген мамлекеттик же муниципалдык мекеме тарабынан ишке ашырыл