ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” борборунда жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү

Бүгүн, 20-декабрда Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” борборунда, Бишкек шаарынын вице-мэри А.Усубакунованын, Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусунда жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү.


Майрамдык иш-чарага ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын үй-бүлөлөрүнөн, шаардын үч көмөкчү мектебинен, 10 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү мекемелеринен, 20 бейөкмөт уюмдардан 650 бала катышты жана майрамдык белектер тапшырылды.  Алар үчүн “Жаш кыял” бий ансамбли, “Таберик” чыгармачыл тобу жана балдардын чыгармачыл жамааттары кеңири программадагы концерт тартуулашты.

Жаңы жылдык иш-чаралардын алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан жетишсиз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары, жетим балдар жана шаардын калыптандыруу борборлорунан 5 миң бала жаңы жылдык белектер менен камсыз болушат.

Эске сала кетсек, Бишкек шаарынын  социалдык коргоо органдарында жетишсиз камсыздалган, майыптардын, Чернобыль кырсыгын жоюуга катышкандардын, интернационал  жоокерлердин үй-бүлөлөрүнөн 15744 бала каттоодо турат. Алардын ичинен 2844 бала 18 жашка чейинки ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендер, алардын 450сү шаардын үч көмөкчү мектебинде окушат.