ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде дене-тарбия жана спортту өнүктүрүүгө зор салымдарын кошкон жарандарга “Шаардык Сатымкул Жуманазаров атындагы сыйлык” тапшырылды

Үстүбүздөгү жылдын 19-декабрында К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университетинде, дене-тарбия жана спортту өнүктүрүүгө зор салымдарын кошкон жарандарга 1980-жылдагы Москва олимпиадасынын коло байгесинин ээси, СССР спортунун эмгек сиңирген чебери Сатымкул Жуманазаров атындагы сыйлыкты тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу М.Исмаилов катышты жана сыйлыктарды тапшырды.

Шаардык сыйлыкка татыктуу болгондорго сертификаттар, медалдар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Дене-тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн:

1. Айталиев Талантбек Кененбаевич – Свердлов райондук спорт комитетинин төрагасы;

Дене-тарбиясы жана спортто жетишкен зор ийгиликтери үчүн:

1. Маматов Улукман - Ленин районунун спортмектеби (эркин күрөш);

Жогорку класстагы спортчуларды даярдаганы үчүн:

1. Сатыбалдиев Женишбек Токоевич - Р.Санатбаев атындагы Свердлов райондук спортмектебинин грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучусу;

Спорттун ардагери:

1. Анаркулов Хабибулла Файзуллаевич

Спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн:

1. Тургумбаев Абдылда Тургумбаевич сыйланышты.

Иш-чарада 2013-жылдын жыйынтыктары чыгарылып, 9 аталыш боюнча сыйлыктар тапшырылды:

Мыкты машыктыруучу:

1.Алчинов Олег Евгеньевич - армрестлинг; 2. Казанов Дмитрий - каратэ-до; 3. Фаустов Сергей - таэквон-до ITF боюнча машыктыруучу.

Мыкты спортчу:

1. Прокопов Александр - армрестлинг жана паэрлифтинг;

2. МасюмовАбду-Саид - бокс;

3. Карнаухов Станислав – сууда сүзүү;

4. Касымов Нузупбек - грек-рим күрөшү;

5. Нургазиева Эрмека - теннис.

Жылдын мыкты командасы:

“Дельфин” балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорт мектебинин командасы

Мыкты спорттук журналисттер жана баяндамачылар:

1. Аникин Вячеслав Викторович;

2. ТурдубаеваГүлжан;

3. Ксения Толканева;

4. Кабыл Макешев;

5. Бакиров Аман.

Дене-тарбия жана спорттун мыкты кызматкери:

1. Касымов Камчыбек Касымович - Спорттун улуттук түрлөрү жана элдик оюндар боюнча спорт мектебинин директору.

2013-жылдын мыкты спорт инструктору:

Кужель Олеся Владимировна - Свердлов району;

Асылбеков Руслан Осмонбекович - Ленин району.

2013-жылдын мыкты ӨАБ:

1. №15- ӨАБ Биринчи май району;

2. №8-ӨАБ Октябрь району;

3. №18-ӨАБ Свердлов району;

4. №5-ӨАБ Ленин району.

2013-жылдын мыкты жалпы билим берүү мектеби:

1. Биринчи май районунун №6- мектеп-гимназиясы, директору Шимова Айгуль Салиховна;

2. Октябрь районунун №26-мектеп-гимназиясы, директору Ситоленко Андрей Владимирович;

3. №23- мектеп-гимназиясы;

4. Ленин районунун №58-орто мектеби, директору Кыдырмышева Айгүл Самидиновна.

2013-жылдын мыкты дене-тарбия мугалими:

1. Иванченко Ольга Федоровна - Свердлов районунун №65-орто мектеби;

2. Лыжник Виктор Григорьевич – Биринчи май райондук №6-гимназия-комплекси;

3. Кононенко Петр Николаевич – Октябрь райондук №26- мектеп-гимназиясы;

4. Мураталиев Кутпидин – Ленин райондук №58-орто мектеби.

Жыл жыйынтыгынын лауреаттарына Бишкек шаарынын мэриясынын, шаардык дене-тарбия жана спорт комитетинин сертификаттары, медалдары жана акчалай сыйлыктары тапшырылды.