ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада дене-тарбия жана спортту өнүктүрүүгө зор салым кошкон жарандарга Бишкек шаардык Сатымкул Жуманазаров атындагы байге тапшырылат

Үстүбүздөгү жылдын 19-декабрында саат 11-00до Хусеин Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университетинде 1980-жылдагы Москва Олимпиадалык оюндарынын коло байгесинин ээси, СССР спортунун эмгек сиңирген чебери Сатымкул Жуманазаров атындагы Бишкек шаардык байгеси, дене-тарбия жана спортту өнүктүрүүгө зор салым кошкон жарандарга тапшырылат. Ошону менен бирге 2013-жылдын жыйынтыктары чыгарылат.

Сыйлыктарды тапшыруу аземине Бишкек шаарынын милдетин аткаруучу М.Исмаилов жана вице-мэр А.Усубакунова катышат.

Бишкек шаардык С.Жуманазаров атындагы сыйлыгына татыктуу болгондорго медалдар, сертификаттар жана акчалай сыйлыктар тапшырылат.