ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы 11-кичи районунда жайгашкан “Жаныш” дүкөнүнүн айланасында санитардык талаптардын бузулуш фактыларын аныктады

Шаардын санитардык абалын көзөмөлдөп туруу максатында Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан санитардык рейддер өткөрүлүп турат.


Кезектеги санитардык рейддин жүрүшүндө баш калаанын 11-кичи районунда жайгашкан “Жаныш” дүкөнүнүн айланасында санитардык талаптардын бузулуш фактылары аныкталды. Дүкөндүн айланасына курулуш жана кургак тиричилик таштандылары баш аламандыкта жыйналып, антисанитардык абал түзүлгөн.

Рейддин жыйынтыгы менен дүкөндүн ээсинин атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 489-беренесине ылайык протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.