16-декабрда Бишкектин “Ала-Тоо” борбордук аянтында жаңы жылдык балатынын отторун жандыруу аземи болду
- Подробности
- Опубликовано 17.12.2013 10:30
Борбордук аянтка көз жоосун алган, бийиктиги 23 метр жаңы жылдык балаты орнотулду. 16-декабрда кечки саат 19-00до жаңы жылдык балатынын отторун жандыруу салтанаты өткөрүлдү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу М.Исмаилов, Бишкек шаардык Кеңешинин төрагасы М.Аманкулов катышты.
Шаар тургундарын жана конокторун мэрдин милдетин аткаруучу М.Исмаилов куттуктап: “Шаарыбыздын борбордук аянтында өлкөбүздүн башкы “Жаңы жылдык балатысын” салтанаттуу ачуу салтка айланып калды. Көркөмдөлүп, кооздолгон балаты жаңы жылдык майрамдын эң негизги белгиси. Аз күндөрдөн кийин өлкөбүздүн ар бир үйүндө, булуң-бурчтарында жаңы жылдык балатылар жаркырап күйө баштайт. Ошол жаркыраган жарык менен бирге жаңы жылда ар бир үй-бүлөгө бакыт-таалай, ынтымак жана ийгиликтер кошо келишин каалайм!”- деди.
Жаңы жылдык балатынын отторун жандыруу аземи Аяз ата, Аяз кыздын катышуусундагы оюн-зооктор жана кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусундагы концерт менен коштолду.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
10.10.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |