ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Үстүбүздөгү жылдын 12-декабрында баш калаанын Октябрь районунда заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү

Шаардын №63-мектеп-гимназиясына улуу жазуучунун ысымы ыйгарылды.


Салтанаттуу иш-чарага Октябрь райондук администрация башчысы К.Токтосартов катышты жана мектеп-гимназиянын Айтматов таануу кбинетине окутуунун жаңы техникалык каражаттарын тапшырды.

Салтанаттуу иш-чаранын коноктору мектептин жамаатына өз куттуктоолорун жолдошту. Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөр көркөм окулду жана улуу жазуучу жөнүндө тартылган тасма көрсөтүлдү.

Иш-чара  “Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы окуучулардын таанып билүү активдүүлүгүн жогорулатуучу каражат” деген аталышта орус тили жана адабияты мугалимдеринин шаардык семинары менен аяктады.