ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаанын Октябрь районунда “Жашообуз болсун ыр менен” аттуу фестивалдын жыйынтыгы чыгарылды

Октябрь райондук администрациясынын  жыйындар залында “Жашообуз болсун ыр менен” аттуу фестивалдын салтанаттуу жабылышы өткөрүлдү.


Фестиваль студенттердин SIFEKSUCTA уюму, Октябрь райондук билим берүү борбору жана райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулду.

SIFEKSUCTA жаштардын коомдук уюму ири уюмдардын катарына кирет жана жаштар арасында жашоонун активдүү мүнөзүн пропагандалоо, патриоттуулукка тарбиялоо, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу багытында иш жүргүзөт.
Фестиваль таланттуу жаштарды аныктап, аларга колдоо көрсөтүү жана чыгармачылыгын мындан ары өнүктүрүү максатында өткөрүлдү.

Фестиваль-конкурс эки этапта өткөрүлүп, калыстар тобу 10-11-декабрда баардык аталыштар боюнча конкурсанттардын чеберчилигин карап чыкты.

Калыстар тобунун курамына: Октябрь райондук администрациясынын, Билим берүү борборунун, “Секрет” соода фирмасынын, “Тамашоу” курама командасынын өкүлдөрү жана “УСТА” ансамблинин солисти киришти.

Фестиваль-конкурска Октябрь районунун жети мектебинин өкүлдөрү, төмөнкү аталыштар боюнча катышты:

-         «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпосторунан үзүндүлөрдү айтуу;

-         Аспаптарда ойноо: комуз, ооз комуз, чоор, чопо чоор, сыбызгы, кыл кыяк ж.б.;

-         Эстрада жанрындагы ар кыл улуттардын ырларын аткаруу;

-         Автордук ырларды аткаруу;

-         КВН – Фристайл - 5мин. «Студенттик турмуш» ьконкурсу;

-         Хореография жанрындагы чыгармаларды аткаруу;

-         Алып баруучулар конкурсу;

-         Эң ынтымактуу мектеп конкурсу.