ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын №63- мектеп-гимназиясына залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун аты ыйгарылат

Үстүбүздөгү жылдын 12-декабрында баш калаанын №63-мектеп-гимназиясына залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атын ыйгаруу боюнча расмий иш-чара өткөрүлөт.


Иш-чарага Кыргыз Республикасынын вице премьер-министри К.Талиева, билим берүү жана илим министри К.Садыков, жазуучунун жакындары, Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттары, Октябрь райондук администрация башчысы К.Токтосартов катышат.

Бишкек шаарынын №63-мектеп-гимназиясына Чыңгыз Айтматовдун атын ыйгаруу боюнча иш-чара жазуучунун 85 жылдыгына карата белгиленген иш-чаралардын алкагында өткөрүлүүдө.

Мектеп-гимназиянын жамааты тарабынан кеңири программадагы иш-чаралар жана “Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы окуучулардын таанып билүү активдүүлүгүн жогорулатуучу каражат” деген аталышта орус тили жана адабияты мугалимдеринин шаардык семинары өткөрүлөт.