Шаардын Исанов жана Москва көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө электр чубалгылары тез арада алмаштырылат
- Подробности
- Опубликовано 06.12.2013 12:09
Исанов көчөсүнүн Токтогул көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки, Москва көчөсүнүн Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгүндө кыска туташуудан улам электр чубалгылары керектен чыкты.
Азыркы учурда Бишкек шаарынын мэриясынын “Бишкексвет” муниципалдык ишканасы аталган тилкелерде оңдоо иштерин жүргүзүүдө.
Керектен чыккан электр чубалгыларынын узундугу 50 метрди түзөт.
“Бишкексвет” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Эмил Түлкиев, аталган көчөлөрдө 7-декабрь күнү тышкы жарыктандыруу калыбына келтирилет деп билдирди.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
13.11.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |