ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Гете-Институтунун “Немец тили балдар үчүн” долбоорунун алкагында шаардык жети балдар бакчасынын тарбиялануучулары чет тилин үйрөнүшөт

Бишкек шаарынын мэриясы, Гете-Институтунун “Немец тили балдар үчүн” долбоорунун алкагында, Бишкек шаарынын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде “Жаш балдарга немец тилин окутуу” долбоорун ишке киргизүүдө.


Долбоорду ишке ашыруу боюнча иш-чаралар өткөрүлүп, ага шаардык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилери, педагог-адистер катышты жана долбоордун негизги багыттары талкууланды. Иш-чаранын алкагында педагогикалык жогорку окуу жайлардын студенттери немец тили боюнча кесиптик чеберчилигин жогорулатуу борборунан, мектепке чейинки курактагы балдар менен иштөө боюнча  даярдыктан өтүшүп, учурда шаардын жети: №№ 4, 9, 35, 49, 42, 109, 120 - балдар бакчаларында практикадан өтүшүүдө.

Балдар мекемелеринде өтүлүүчү сабактардын негизги принциптери – чет тилин окутуу аркылуу балдардын жалпы жана өзгөчө жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүнү өзүнө камтыйт. Сабактарда балдар менен оюндар, сүрөт тартуу, ырдоо, бийлөө өткөрүлөт. Усулдук пакеттерге сүрөттөрдү, оюнчуктарды, аудио, видео каражаттарды кеңири пайдалануу кирет.

Аталган долбоордун үстүндө Гете-Институту эки жыл иштеп, алгач Венгриянын балдар бакчаларында сынактан өткөрүлгөн жана башка өлкөлөргө жайылтылган. Долбоордун программасы 5-7 жаштагы балдар үчүн иштелип чыккан жана 30 мүнөттүк 30 сабакка эсептелген.