ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун билдирүүсү

Бүгүн, 4-декабрда Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов жалпыга маалымдоо каражаттарынын алдында расмий билдирүү жасады. Өз билдирүүсүндө шаар башчысы мэриянын үч жыл ичинде аткарган иштерин жыйынтыктады.

Мен бул кызматка 2010-жылдын 8-апрелинде келдим. Ал мезгилди баардыгыңыздар жакшы билесиздер, шаарда баш аламандык өкүм сүрүп, үйлөр, дүкөндөр өрттөнүп, жер тилкелерин массалык түрдө басып алуулар жүрүп жаткан учур эле.  Ал мезгилди барактап, артыбызга кылчайып карасак – шаарда абдан кооптуу кырдаал түзүлгөн учур эле, биз сиздер менен бирге шаарыбызды сактап калдык десек жаңылышпайм. 

Калыбына келтирүү жана куруу – талкалоого караганда алда канча жеңил, буга чоң акыл талап кылынбайт, биз түзүлгөн кырдаалдан татыктуу жол таап, аны татыктуу басып өттүк. Үч жылдан ашык убакытта кандай иштер аткарылды?  

Бул убакыттын ичинде жер тилкелерин мыйзамсыз басып алууну токтоттук, жер тилкелерин толук инвентаризацияладык, калкыбызды таза суу менен камсыз кылууга жетиштик. “Башкарасуу” долбоору аяктап жаткандыгын эсиңиздерге сала кетейин, бул долбоор ишке берилсе миңдеген шаар тургундары таза суу менен камсыз болушат.

Шаарда баш аламан соода кылууну жоюп, базарларды ирээтке келтирүү боюнча көлөмдүү иштер аткарылды. Биздин аракеттер нааразычылык акцияларына, ачык эле агрессияга дуушар болду. Ал күндөрдү өзүнчө эле апааттуу толкундарга салыштырса болот, бирок биз кыйынчылыктарды принципиалдуулук менен жеңдик, алдыга коюлган максаттарыбызды татыктуу аткардык. Ушундай кыйынчылыктарга моюн сунбастан өз ишибизди муниципалдык транспорттун ишин жакшыртуу боюнча уланттык, ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарыбызга камкордук көрүү максатында жапыз полдуу троллейбустарды алдык, жолдорго жана имараттарга пандустарды, атайын белги берчи светофорлроду  орноттук.  Шаардын жолдорун реконструкциялоого, оңдоого, жаңы жолдорду курууга бюджеттен көп каражат талап кылынаары жашыруун эмес. Каражаттын тартыштыгына карабастан, үч жыл ичинде 118 км. жол реконструкцияланып, оңдолуп, анын ичинен 42 км. жол үстүбүздөгү жылы курулгандыгы жалпыга маалым.   

Жаңы конуштарга биринчилерден болуп асфальт жолдор курулду, учурда тургундарыбыз, муниципалдык транспорттун, таксинин, тез жардамдын кызматтарынан пайдаланышууда. Заманбап технологияларды пайдалануу менен жаңы жолдорду куруп, шаар менен жаңы конуштардын ортосундагы аралыкты кыскарттык.      

Эгемендүүлүктүн 20 жылдык аралыгында биринчи жолу тротуарлар, балдар аянтчалары, спорттук аянтчалар курулду. Үстүбүздөгү жылы шаардагы административдик имараттарды, соода борборлорун, көчөлөрдү жарыктандыруу иштери башталгандыгын белгиледи Иса Өмүркулов.  

Билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана спорт тармагына көңүл бурдук. Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры негизделген күнүнөн бери өз имаратына ээ боло албай келген, быйыл театрдын жамааты толук шарттары түзүлгөн имаратка кирди.   

Андан ары Иса Өмүркулов: “Бишкек шаарынын мэринин кызматынан өз ыктыярым менен кетип жатканымды сиздерге маалымдап коюуну өзүмдүн милдетим деп эсептейм.   

Менин кызматтан кетүү жөнүндө кабыл алган чечимим -  дарегиме  коюлуп жаткан негизсиз күнөөлөрдөн улам келип чыккан жок, өз жоопкерчилигимди толук сезүү менен – бул чечим терең ойлонулуп жана жеке өзүмдүн демилгем менен кабыл алынган чечим деп айтат элем”,-деди.