ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн республикалык “Сейтек” борборунда ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын шаардык XV фестивалынын, спартакиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи жана гала-концерт болуп өттү

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн республикалык “Сейтек” борборунда ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасында өздүк-көркөм чыгармачылыгы жана кол өнөрчүлүк боюнча шаардык  XV фестивалдын, спартакиаданын жеңүүчүлөрүн  сыйлоо аземи жана гала-концерт болуп өттү.


Иш-чара “Майыптардын Эл аралык күнүнө карата өткөрүлдү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Усубакунова катышып, катышуучуларды куттуктады.

“Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык Ассамблеясы 1992-жылы 3-декабрды “Майыптардын Эл аралык күнү” катары жарыялаган.

Албетте, бул күндү майрам күн катары кароого болбойт, бирок, ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын  сактоону, алардын коомдук турмушка катышуусун толук кандуу камсыз кылууну өзгөчө белгилеп турат.

“Майыптардын Эл аралык күнү” – бул катмардагы адамдар үчүн аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгаруу менен алардын коомдогу абалына сереп салып, мындан ары жашоо деңгээлин жакшыртуунун үстүндө иш алып барууну белгилей турган күн.

Шаар мэриясы,  майып адамдарды социалдык жактан колдоонун, транспорт менен тейлөөнү жакшыртуунун жолдорун  карап жатат. Ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар – коомубуздагы эрки күчтүү адамдардын үлгүсү, баштарынан көп кыйынчылыктарды кечиргенден кийин, коомубузда өз ордун жоготпостон, татыктуу жашап, эмгектенип келе жатышат.

Мындай адамдарыбыз менен сыймыктанып, аларга таазим кылып, ыраазычылыгыбызды билдиребиз!”,- деди А.Усубакунова.

Андан кийин вице-мэр XV фестивалдын, спартакиаданын жеңүүчүлөрүнө  медаль, диплом, грамота жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

10 майып адамга атайын коляскалар тапшырылды, ал эми үй шартында окушкан 55 майып балага кийим-кечектер тапшырылат.