ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

20-декабрдан баштап шаардын борбордук “Ала-Тоо” аянтын жаңы жылга карата жасалгалоо башталат

Шаардын борбордук аянты Жаңы 2014-жылга карата жасалгаланат. Жасалгалоо иштери 20-декабрдан тартып башаталат, бул жөнүндө Бишкек шаарынын мэриясынын Жарнама департаментинен билдиришти.

Жылдагыдай эле панного Жаңы жыл, кыш, Аяз ата, Аяз кыз, балаты, кар ж.б. жаңы жылдын белгилери тартылып аянтка коюлат. 20-декабрга карата шаардагы административдик имараттар, соода түйүндөрү, эс алуу борборлору жана көчөлөр да жасалгаланат.

Жаңы жылдык тематикада жарнама такталарынын 50 бирдиги, 216 кронштейн даярдалмакчы. Бул багыттагы иш-чараларды аткарууга 500 миң сом өлчөмүндөгү каражат бөлүндү.

Иш-чаралардын планына ылайык 15-декабрга чейин “Ала-Тоо” аянтына, КР ЖК имаратынын, опера жана балет театрынын, Бишкек шаарынын мэриясынын имаратынын  алдына балатылар орнотулат. Мындан тышкары, райондордун административдик имараттарынын алдына балатылар орнотулуп, жасалгаланат.

Майрамдык иш-чаралар борбордук аянтта өткөрүлөт, жаңы жылдык фейерверк атылып, Аяз ата жана Аяз кыздын жүрүштөрү уюштурулат.

15-декабрга чейин шаардын Ахунбаев жана Шабдан Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиде же Ботаникалык бакта балаты базарын уюштуруу белгиленүүдө.

Ал эми, Ибраимов – Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде азык-түлүк, айыл-чарба товарларынын, оюнчуктардын, сувенирлердин жарманкеси уюштурулат.

Иш-чаралардын планына ылайык баш аламандыкта соода кылууга жана пиротехникалык буюмдарды сатууга тыюу салынат.