ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык социалдык өнүктүрүү тармагында 12,7 миң ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адам каттоодо турат

Бүгүнкү күндө Бишкек шаардык социалдык өнүктүрүү тармагында  12,7 миң ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адам каттоодо турат, алардын ичинен:

-         140 Улуу Ата-Мекендик Согуштун майыптары;

-         312 адам Чернобыль Атомдук Электр Станциясынын кырсыгын жоюуда майып болгондор;

-         5734 адам жалпы ооруулардан кийин I,II,III топтогу майып болгондор;

-         2804 адам көрүү жана угуусу боюнча майыптар;

-         4734 адам 18 жашка чейинки жана андан жогорку жаштагы бала кезинен майып болгондор.

 
Ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарын жашоо деңгээлин жогорулатуу максатында Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан даректүү жардамдар үзгүлтүксүз көрсөтүлүп турат. Шаар боюнча даректүү жардамдардын 20 түрү көрсөтүлөт. Мындан тышкары, шаар мэриясы 36 коомдук уюмдар, бирикмелер жана майыптар борборлору менен кызматташат.

Алар:

- Дүлөйлөрдүн жана азиздердин коомунун борбордук башкармасы жана анын бир нече баштапкы уюмдары;

-  Майыптардын райондук коомдору;

- Бала кезинен майып болгондордун ата-энелеринин Ассоциациясы;

- Майыптардын республикалык көз карандысыз ассоциациясы;

- Бала кезинен майып болгондорду кесипке даярдоочу “Ювентус” борбору;

- Майып аялдардын республикалык көз карандысыз ассоциациясы;

- “Достук” майыптардын мээримдүүлүк уюму;

- “Икар” майыптардын коому;

- “Бейтап” жалгыз бой майып энелердин көз карандысыз бирикмеси;

- “Оберег”, “Родничок”, “Үмүт – Надежда” калыптандыруу борборлору ж.б.

“Ардагер” пансионунда ай сайын 80 улгайган адам ден-соолуктарын чыңдашат.

Ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шаардык  борбор аларга социалдык, медициналык, психологиялык жактан жардамдарды көрсөтүп турат.  Борборго шаардык бюджеттен 6,7 млн. сом өлчөмүндөгү каражат бөлүнөт.

Көрүү, угуусу боюнча майыптарга, Советтик Армиянын майыптарына, майыптыгы бар тыл эмгекчилерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык социалдык жеңилидиктердин ордун акчалай төлөп берүү иш-чаралары улантылууда.

Бишкек шаарында 1996-жылдан бери тирилик субсидияларынын борбору иштейт. Борбордон 1764 адам коммуналдык кызматтар, газ, ысык жана муздак суу менен жабдуу боюнча социалдык жардамдарды алышат. Бул багытта 2011-жылы жергиликтүү бюджеттен 25,1 млн. сом каралган. 2013-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2,7 млн сомго 653 адамга таш көмүр алуу үчүн талондор берилди 2,3 млн сомго 184 майып адам ысык тамак менен үйлөрүндө камсыз болушкан, 97,2 миң сомго 1080 адам үчүн мончо жана чач-тарач кызматы менен тейленген. Мындан тышкары,Бишкек шаарында  жалпы ооруулардын, эмгектин  I, II, III топтогу майыптары жана бала кезинен майып болгондор шаардык транспортто акысыз жүрүшөт.

Ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн шаар жетекчилигинин катышуусу менен жаңы жылдык, “Майыптардын Эл аралык күнүнө” карата жана башка иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.  

Жыл сайын ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасында өздүк көркөм чыгармачылыгынын фестивалдарын, спартакиадаларды,  спорттук мелдештерди өткөрүп туруу салтка айланган.