ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасында өтүп жаткан шаардык XV Спартакиада аяктоодо

Үстүбүздөгү жылдын 4-ноябрынан 3-декабрына чейин Бишкек шаардык дене-тарбия, спорт жана туризм комитети ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасында шаардык XV Спартакиада өткөрүүдө.


Аталган иш-чара ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын Эл аралык күнүнө карата балдардын жана чоңдордун арасында өткөрүлүүдө. Спартакиададага 16 мекеме-уюмдардан 1674 адам катышты.

Мелдештер спорттун беш түрү боюнча өткөрүлдү: шахмат, шашки, стол үстүндөгү теннис, армреслинг, пауэрлифтинг. Мелдештерге угуу, көрүү, борбордук нерв системасы боюнча майыптар катышты.

2-3-декабрда өспүрүмдөрдүн республикалык “Сейтек” борборунда Спартакиаданын жеңүүчүлөрүнө дипломдор, медалдар жана баалуу сыйлыктар , балдар арасындагы жеңүүчүлөргө – 600 сом, чоңдорго – 1000 сом өлчөмүндөгү акчалай байгелер тапшырылат.

Аталган Спартакиаданы өткөрүүгө шаардык бюджеттен 245 200 сом өлчөмүндөгү каражат бөлүнгөн.