ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаар башчысы Иса Өмүркулов “Өз алдынча курулган курулуштарды мыйзамдаштыруу” боюнча өткөн тегерек столго катышты.

Бүгүн Бишкек шаарында  “Өз алдынчы курулган курулуштарды мыйзамдаштыруу” боюнча тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столдун ишине баардык кызыкдар тараптар, жарандык сектор, бейөкмөт уюмдар, шаардык кеңештин депутаттары катышты.


Иш-чарада Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов сөз сүйлөдү.                             

“Бүгүн биз сиздер менен Бишкек шаардык Кеңешинин “Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде жайгашкан, курулуп бүткөн жеке үйлөрү бар болгон жер участкаларын менчиктөөгө укук берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун долбоорун ачык талкуулоо үчүн чогулуп отурабыз.  

Жер маселеси соңку жылдарда курч мааниге ээ болуп  келүүдө.  Жер тилкелерин мыйзамсыз басып алуулар тээ 90-жылдардан бери эле башталганы баарыбызга  жакшы маалым. Жерди мыйзамсыз басып алуулар өлкөдөгү болуп өткөн белгилүү окуялардан кийин  массалык түргө айланды. Эл жер тилкелерин өздөрү билгендей ээлеп,  баш аламандыкта, өз ара бөлүштүрүштү.  Мыйзам чегинен чыгып кеткен мындай көрүнүштөр массалык мүнөзгө ээ болуп, жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерине болгон талапты калк арасында күчөттү. Жерге байланышкан окуялар менен бирге жеке, коммерциялык кызыкчылыктарын ишке ашырган амалкөй адамар пайда болду. Уюмдашкан топтор бир түндүн ичинде жер тилкелерин мыйзамсыз басып алышып, эртеси эле чатырлар пайда болуп калып жатты. Анан жер тилкесин сатуу боюнча өз кишилери аркылуу  келишимдер түзүлүп, аягында жер тилкелери мыйзамсыз жер рыногуна  түшүп калып жатты.

Бүгүнкү күнү он жылдап, жыйырма жылдап пайда болгон мындай көрүнүштөргө көз жумуп койгонго болбойт. Ар бир жаңы конушта, а алардын саны 42, мыйзамсыз жер тикесине ээлик кылгандар жетиштүү, ушул маселелердин баарын чечүү зарыл. Жалпы шаар боюнча 6 382 мыйзамсыз жер тилкесине жеке турак үйлөр курулган. Бирок, шаар бийликтеринин ал жер тилкелеринде 1999-жылдан кийин курулган жеке турак үйлөрдүн курулушун мыйзамдаштыруу боюнча мыйзамдуу укуктары жок.   Жер реформасын жүргүзүү мезгилинде  учурда иштеп жаткан мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана мыйзамдуулукту сактоо максатында өз укуктарын пайдалануу аракеттери да болбой койгон жок.

Жер маселелеринен улам түзүлгөн азыркы кырдаалда  саясатчылардын, окмуштуулардын, юристтердин алдында  иштиктүү мыйзам иштеп чыгуу боюнча татаал жана жоопкерчиликтүү милдеттер турат.                                            

Бул багытта биргелешип жигердүү иш алып барышыбыз зарыл”,- деди шаар башчысы Иса Өмүркулов.