ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

ВИЧти тестирлөөнүн жаңы ыкмасы Кыргызстанда

ВИЧти Европалык тестирлөөнүн жумалыгы аяктоодо. СПИДге каршы күрөшүүнүн Бүткүл дөйнөлүк  күнүнүн алкагында 22-ноябрдан 29-ноябрга чейин Кыргызстанда тестирлөө жүргүзүлдү. ВИЧти Европалык тестирлөөнүн жумалыгынын негизги максаты – ВИЧти  кеч аныктоо мөөнөттөрүн кыскартуу болуп саналат.


Калоочулар ВИЧке карата тестирлөөдөн шилекейди тапшыруу менен өтүшүп, жыйынтыктарын 20 мүнөттүн ичинде алышаары акциянын өзгөчөлүгү болууда. Тестирлөөнүн мындай системасы көпчүлүк өлкөлөрдө иштеп келген, Кыргызстанда жакынкы убакытта колдонулууда.

ВИЧти Европалык тестирлөөнүн жумалыгынын алкагында баардык калоочулар жаңы ыкманы колдонуу менен тестирлөөдөн өтө алышат.

Үстүбүздөгү жылдын 22-ноябрында  шаардык СПИДдин алдын алуу борбору Биринчи Май райондук Ички иштер башкармалыгы менен биргеликте  кабыл алуу-бөлүштүрүү мекемесиндеги 78 адам менен кеңештерди өткөрдү жана жыйынтыгында 60 адам тестирлөөдөн өтүштү.

Шаардык СПИДдин алдын алуу борбору Ж.Баласагын атындагы КУУнун студенттеринин арасында да кеңештерди берди жана 134 студент тиешелүү кеңештерди алышты. Иш-чаралар 26-ноябрда БААУда өткөрүлүп, 75 студент кеңеш алды.

Бишкек шаарынын мэриясынын Саламаттык сактоо департаментинин билдирүүсүндө, тестирлөө акциясы шаардык СПИД борборунун, Бишкек шаарынын мэриясынын, Салдаматтык сактоо департаментинин, Бишкек транспорт башкармалыгынын жана “СПИД Чыгыш-Батыш” Коомдук фондунун демилгеси менен  өткөрүлүп жаткандыгы белгиленет.

ВИЧке карата тестирлөөдөн өтүү үчүн төмөнкү телефондорго кайрылса болот:

(0312) 48-66-17, (08002) 04-73-24