ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардын №39-орто мектебинде өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча райондук ата-энелер чогулушу өтөт

Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча 29-ноябрда саат 17-00до шаардык №39-мектепте райондук ата-энелердин чогулушу өтөт.

Чогулуштун күн тартибине коррупция, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, жолдо жүрүү эрежелерин сактоо жана жалпы билим берүү маселелери коюлган.

Райондук ата-энелер чогулушуна Октябрь районундагы мектептердин 5-11-класстарынын окуучуларынын ата-энелер комитеттери, Октябрь райондук администрациясынын кызматкерлери, мектеп директорлору, социалдык педагогдор жана билим берүү мекемелеринин психологдору катышат.

Чогулуштун жүрүшүндө Октябрь райондук билим берүү борборунун директору доклад жасайт, Прокуратура, Октябрь райондук администрациясынын, райондук Ички иштер башкармалыгынын, мамлекеттик автоинспекциянын кызматкерлери билдирүү жасашат.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө кодексинин”, “Билим берүү жөнүндө”, “Кыргыз республикасында кылмыштуулуктун алдын алуу жөнүндө” мыйзамдарынын, “2012-2014-жылдары Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу” Мамлекеттик программасынын алкагында жүргүзүлмөкчү.