ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ленин районунда үй-жайы жок адамдар үчүн баш маанек берүү мекемеси ачылды

Ленин районунда үй-жайы жок адамдар үчүн баш маанек берүү мекемеси Трудовая көчөсү, 10 дарегинде ачылды.


Мекеме Аялдардын мээримдүүлүк борборунун базасында ачылды. Мекеменин имаратында 40 орунга эсептелген кошумча эки бөлмө жабдылды. Мурда мекеме 20 орунга эсептелген.

Азыркы учурда мекемеде 60 адамды кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бар. Кабыл алынган адамдарга бир маал ысык тамак берилет жана алар медициналык кароодон өткөрүлөт.