ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасында өткөрүлгөн шаардык ХV Фестиваль жыйынтыкталды

Ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасында өздүк көркөм чыгармачылыгы жана кол өнөрчүлүк боюнча өткөрүлгөн шаардык ХV Фестиваль жыйынтыкталды.


Фестивалга ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар  менен иш алып барышкан балдардын 14, чоңдордун 10 коомдук уюмдары катышты.

Калыстар тобунун курамына республиканын маданиятына эмгек сиңирген ишмерлер, эл артистери, жогорку жана орто окуу жайларынын мугалимдери, илимий ишмерлер киришти. Тандап алуу турунун жүрүшүндө калыстар тобунун кароосуна балдарын аткаруусундагы 147, чоңдордун аткаруусундагы 53 номер, ал эми  көркөм сүрөт жана кол өнөрчүлүгү боюнча 1560 иш сунушталды.

Өздүк көркөм чыгармачылыгы боюнча Фестиваль 7 аталышта өткөрүлдү:

1. Вокал                          

2. Хор музыкасы                           

3. Көркөм окуу       

4. Музыкалык аспаптарда ойноо     

5. Саркеч кийимдерди көрсөтүү

6. Драма жана пантомима жанры    

7. Бий (жеке жана коллективдүү)

Кол өнөрчүлүк боюнча өткөрүлгөн конкурска кийизден, жыгачтан, кагаздан жасалган, токулган, сайма буюмдары, аппликациялар ж.б. коюлду. 

Фестивалдын лауреаттарынан, жеңүүчүлөрүнөн  болуп калышкан коомдук уюмдар, ассоциациялар, адистештирилген балдар жана чоңдор мекемелери атайын дипломдор, грамоталар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат.

Үстүбүздөгү жылдын 2-декабрында балдар, 3-декабрында чоңдор арасында республикалык  “Сейтек” борборунда саат 10-00до гала-концерт өткөрүлөт.                                          

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов катышат.