ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаарды көрктөндүрүү боюнча өткөрүлгөн кезектеги рейддин жүрүшүндө СЭИ кызматы көрктөндүрүү эрежелерин жана санитардык талаптарды бузууларды аныктады

Шаарды көрктөндүрүү боюнча Октябрь районунда өткөрүлгөн кезектеги рейддин жүрүшүндө СЭИ кызматы көрктөндүрүү эрежелерин жана санитардык талаптарды  бузууларды аныктады.


“Тунгуч” кичи районунда “Азат” корпорациясы тарабынан жүргүзүлүп жаткан №135- үйдүн курулушунун айланасында жана  6-кичи райондун Каралаев көчөсүндө жайгашкан “Улук” ЖЧКна тиешелүү унаа токтотуу жайында шаарды көрктөндүрүү эрежелеринин жана санитардык талаптардын бузулушу  катталды.

Аталган ишканаларда кургак жана курулуш таштандыларын баш аламандыкта таштоого жол берилген. “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен 2013-жылга келишимдер түзүлгөн эмес.

Рейддин жыйынтыгы менен  аталган ишканалардын жетекчилигинин атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кодексинин 488-489-беренелери боюнча протоколдор түзүлүп, чара көрүү максатында Октябрь райондук административдик комиссиясына