ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте кант диабетин алдын ала аныктоо боюнча акция өткөрүлүүдө

Дүйнөнүн баардык өлкөлөрүндө  жыл сайын 14-ноябрда Бүткүл Дүйнөлүк Диабет күнү белгиленет.


Кант диабети ооруусунун алдын алуу боюнча жана калкка маалымат берүү, сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу максатында шаардын Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, Шаардык эндокринология борборунда Кыргызстандын Диабет Ассоциациясы менен биргеликте акциялар өткөрүлдү. Акциянын алкагында шаар боюнча 1316 адам кароодон өткөрүлүп, 112 (8,5%) адамдан углеводдук алмашуулардагы бузулуулар аныкталды, алардын ичинен 12 адамда кант диабети ооруусу катталды.

Ошону бирге менен кант диабетинин алдын алуу боюнча акциялардын жүрүшүндө калк арасында лекциялар, маектешүүлөр уюштурулду жана маалыматтык материалдар таркатылды.

Үстүбүздөгү жылдын 11-ноябрында Улуттук Т.Сатылганов атындагы филармонияда кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда кайрымдуулук концерти өткөрүлдү.

Баш калаанын дарылоо-профилактикалык мекемелеринин дарыгерлери 2013-жылдын 25-26-ноябрында кант диабетинин курч маселелерине арналган илимий-практикалык конференцияга катышат.

Бул жөнүндө маалыматты Бишкек мэриясынын Саламаттык сактоо Департаментинен билдиришти.