Шаардын жаңы конуштарында жана Балдардын шаардык медициналык тез жардам клиникалык ооруканасынын реанимация бөлүмдөрүндө “Педиатр-врачтын депозити” киргизилет
- Подробности
- Опубликовано 21.11.2013 15:45
Бишкек шаарынын мэриясынын Саламаттык сактоо Департаменти, үстүбүздөгү жылдын 19-ноябрында Бишкек шаардык Кеңешинин сессисында шаардын жаңы конуштарында жана Балдардын шаардык медициналык тез жардам клиникалык ооруканасынын реанимация бөлүмдөрүндө “Педиатр-врачтын депозити” маселесин киргизүүнү каралгандыгын билдирет.
Бул маселе, жогорку медициналык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн ишке тартуу жана аларга тиешелүү шарттарды түзүү максатында, шаардын жаңы конуштарынын тургундарын педиатр-врачтардын тейлөөсү жана Балдардын шаардык медициналык тез жардам клиникалык ооруканасынын реанимация бөлүмдөрүн педиатр-врач адистери менен камсыз кылуу максатында каралды.
“Педиатр-врачтын депозити” балдар дарыгерлеринин жетишсиздигине байланыштуу киргизилди. Бул маселенин келип чыгышы – эмгек маянасынын аздыгына, турак-жайдын жоктугуна жана башка социалдык камсыздоо маселелеринин чечилбегендигине байланыштуу.
Шаардын жаңы конуштарынын балдар дарыгерлери менен камсыздалышы 33-60% түзөт, ал эми балдардын оорулары жана ымыркайлар өлүмү жогорку көрсөткүчтөрдү түзүп келүүдө.
Балдардын шаардык медициналык тез жардам клиникалык ооруканасынын реанимация бөлүмдөрүндө 21,75 штаттык орун болсо, учурда 9 гана дарыгер иштешет.
“Педиатр-врачтын депозити” – дарыгердин айлыгын жогорулатуунун ыкмасы жана анын медицина мекемесинде 3 жыл мөөнөткө чейин иштешине келишим түзүүнүн жолу.
Депозит 50 дарыгерлик орунга эсептелип, ай сайын 5000 сом эмгек акы төлөп турууну карайт.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
31.03.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |