ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бүгүн шаардын жолдоруна инерттик материалдарды себүү иштерине адистештирилген техникалардын 10 бирдиги чегерилди

Бүгүн, 21-ноябрда таңкы саат 5-00дон 7-00го чейин шаардын жолдоруна инерттик материалдарды себүү иштерин адистештирилген техникалардын 10 бирдиги жүргүздү. Бул жөнүндө  маалыматты “Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Марат Кутанов билдирди.
Жалпысынан шаар жолдоруна 113 тонна кум, 8,5 тонна техникалык туз жумшалды.
Инерттик материалдар “Тазалык”  муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин жолдордогу абалды изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы боюнча жумшалды.
Маалыматта, инерттик материалдардын көпчүлүгү шаардын түштүк бөлүгүндөгү жолдорго жумшалгандыгы белгиленет.