ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардын Свердлов районунда 1-ноябрдан тартып туруктуу жашоочу жайлары жок адамдар үчүн убактылуу баш маанек берүүчү мекеме иштей баштады

Үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрынан тартып Свердлов районунунда Фере көчөсү, үй №32 “а” дарегинде ачылган жана 40 орунга эсептелген туруктуу жашоочу жайлары жок адамдар үчүн убактылуу баш маанек берүүчү мекеме иштей баштады.


Мекемеде эки кабаттуу керебеттер коюлуп, оңдоо, актап-сырдоо, линолеум төшөө  иштери жүргүзүлгөн. Бөлмөлөрдү жылытуучу мештер орнотулду, электр жарыгы жана төшөнчүлөр менен камсыздалды. Мекемени жылытуу үчүн 3,0 тонна таш көмүр түшүрүлдү.

Мекеме иштей баштагандан бери жайгаштырылган адамдарды саат 17-00дон 19-00го чейин бир маал ысык тамак менен камсыздоо жүргүзүлөт.

Мекемеде коомдук тартипти сактоо максатында Свердлов райондук ИИБнын участкалык кызматкери нөөмөт өтөйт.

Мекемеге жайгаштырылган адамадар №3-Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгерлери тарабынан жумасына эки жолу медициналык кароодон өтүп турушуат.